"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "колтугуна кирүү", "тил азар" жана "жети каңтары бар" фразеологизмдерин чечмелеп көрдүк. Фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп, чечмелеп өттү.
Колтугуна кирүү - Эпилдеп-жепилдеп бирөөгө жалынып, ишенимге өтүүгө, өз кишисиндей болуп жакындашып, аралашып кетүүгө аракеттенүү. Мисалы, Курманбай мен жокто таенемдин колтугуна кирип алып, жамандай берчү (Элебаев).
Тил азар - Тил албаган, айтканга көнбөгөн, адамды жадаткан кежир. Мисалы, Ал кишинин тил азары экен.
Жети каңтары бар - Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Мисалы, Анын ошондой жети каңтары бар.