Кадамжайлык Абдырахман Акимов трактордон шалы жыйноочу комбайн жасады

Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылынын тургуну 26 жаштагы Абдырахман Акимов трактордон шалы жыйноочу комбайн жасады. Бул тууралуу өзү SUPER.KG порталына билдирди. 

Мектептен 9 класстык билим алган Абдырахман атайын инженердик кесипке ээ болбой туруп өз таланты менен комбайн жасап келет. Анын айтымында, таланты 2-класста окуп жүргөндө эле ачылып, үй жылытуучу прибор ойлоп тапкан. 

"Буга чейин мындай комбайндан 5ти кураштыргам. Алардын баарын сатып жибердим. Алгач керектүү техникаларды сатып алып, анан кураштыра баштайм. Алгачкы комбайнымды 2004-жылы кураштырып, 2500 долларга саткам. Учурда алардын баары эл үчүн кызмат кылып жатат. Бул мен үчүн сыймык. Анткени ага чейин айылда мындай техника жок болгондуктан, эл шалыны кол менен жыйначу. Бул техникамдын артыкчылыгы - шалыны оруп, тазалап чыгарып бергендигинде",- деп кошумчалады каарманыбыз. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан