Дагы бир өлкө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна чыкты

Бүгүн, 26-мартка караган түнү Түштүк Америка континентинде футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары өттү.

Анда Боливия Уругвай менен кез келип, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Муну менен тайпада 7-орунда келе жаткан Боливия Дүйнө чемпиондугуна түз жолдомо алуу укугунан ажырап, 13 оюнда 28 упай топтогон Аргентина курамасына Дүйнө чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берди.

Аргентиналыктар дүйнөлүк чемпиондукка катары менен 14-жолу катышат. Учурдагы дүйнө чемпиондору 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна Түштүк Американын тандоосунан чыккан командалардын ичинен биринчи болуп жолдомо алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан