
Бүгүн, 18-мартта
Альберт Махметкулов Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
Маалымдалгандай, ал Министрлер кабинетинин тиешелүү тескемесине ылайык дайындалган.
Белгиленгендей, Махметкулов эми башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү тармагын, ошондой эле илим тармагын карайт.