Африкадагы Нигер Республикасында террорчулар жума күнү мечитке келген 44 адамды өлтүрүштү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Окуя Нигердин түштүк-батышындагы Фонбита айылында болгон.
"Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 44 киши, алардын бардыгы карапайым адамдар. 13 адам жарадар болду", - деп жазылат анда.
Мындан улам Нигерде үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Колдо болгон маалыматтар боюнча, кылмышты Мали Республикасы менен чек арага жакын жерде диверсиялык иш-аракеттерди жүргүзгөн экстремисттик кыймылдын согушкерлери жасаган.