Жаан, кар жаайт. Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Эртең, 26-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми бийик тоолуу региондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +10 ... +15;

Талас жергесинде түнкүсүн 0 ... +5, күндүз +4 ... +9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +12 ... +17;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +5 ... +10;

Нарын дубанында түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +8 ... +13;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +12 ... +14 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан