Калифорнияда жүк ташыган унааны уурдап бараткан жаран 13 унааны сүзүп алды

АКШнын Калифорния штатында жүк ташуучу унааны уурдай качкан жаран полициядан качууга аракет кылып жатып, 13 унааны сүзүп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда кабарланды.

Маалым болгондой, окуя Лос-Анжелес округунун түштүгүндөгү Лонг-Бич шаарында болгон.

"Лонг-Бич аймагында жүк ташыган унааны уурдай качкан жаран полициянын куугунтугунан качып баратып, кеминде 13 унааны сүзгөн" деп жазылат анда.

Белгиленгендей, айдоочу дүкөндүн кире беришиндеги тепкичти сүзүп, токтогон. Андан соң качып кетүүгө аракет кылган. Бир нече убакыттан кийин ал полиция кызматкерлери тарабынан кармалганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан