Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн LiXiang L7 жана L9 люкс кроссоверлерин сатып алуу пландалып жатканын "АКИpress" өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Аталган унаалар бир жарым айдын ичинде Бишкекке келип, 90 эл өкүлүнө бөлүштүрүлөт. Ошондой эле ар бир депутаттын бирден жеке айдоочусу болмокчу.
Парламент бул боюнча маселени бүгүн, 3-апрелдеги жыйынында жабык эшик артында караган эле.
Белгилей кетсек, парламенттин 6-чакырылышы 2015-жылдын 25-ноябрындагы жыйынында кызматтык унаадан баш тартуу чечимин кабыл алган. Кызматтык унаалар айым депутаттарга гана берилген.