"Түндүк" тиркемеси аркылуу эми жарандар аты-жөнүн онлайн өзгөртсө болот 

Эми жарандар аты-жөнүн өзгөртүү үчүн "Түндүк" тиркемеси аркылуу арыз тапшырса болот. Бул тууралуу Кызмат мамлекеттик мекемеси билдирди.

Ата-жөнүн өзгөртүүнү каалагандар тиркемеден "Аты-жөнүн өзгөртүү" кызматын тандап, өзгөртүүгө негизделген күбөлүктүн түрүн көрсөтүү зарыл. Жаңы аты-жөнүн киргизип, зарыл маалыматтар толтурулат. Андан соң фотоидентификациядан өтүп, булуттук электрондук кол тамга менен арызга кол коюу керек.

Маалыматка ылайык, арызды кароо мөөнөтү 3 же 10 иш күнгө күбөлүктүн түрүнө жараша созулат. Ал эми жеткирүү баасы 142 сом, бирок жеткирүүнүн баасы күбөлүктүн түрүнө жана жеткирүү тандоосуна жараша өзгөрөт.

"Бул кызмат санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды", - деп билдирди мекеме.

Ошондой эле кызмат кезексиз, кагаз иштерисиз күнү-түнү, жуманын жети күнү онлайн жеткиликтүү экени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан