Ош шаарында жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды катуу ылдамдыкта келе жаткан жеңил унаа сүзүп кетти. Шаардык милиция окуя 2-апрелде катталганын SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, Ленин көчөсүндө 1990-жылы туулган айдоочу Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жатып, 21 жаштагы кызды жөө өтмөктөн сүзүп алган. Андан соң айдоочу кызды өзү ооруканага жеткирген. Кыздын абалы жакшы экендиги маалыматта кошумчаланган.
Айдоочу тергөөгө жеткирилип, унаа айып короосуна киргизилген.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.