АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай жетекчилигинен соода маселелерин талкуулоо үчүн телефон чалуу күтөрүн билдирди.
Ал буга чейин Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Хан Док Су менен телефон аркылуу сүйлөшүп, соода тармагындагы кызматташтыкты талкуулаганын белгиледи.
"Кытай да келишимди абдан каалайт, бирок кантип баштоону билбейт. Биз алардын чакырыгын күтүп жатабыз", - деп жазды Ак үйдүн башчысы Truth Social социалдык тармагына.
Белгилей кетсек, 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. Кытайга карата америкалык тарифтер 34 пайыздык чекте киргизилген.
Буга жооп катары Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялады. Трамп буга каттаал жооп кылып, эгер Пекин өзүнүн өч алуу тарифтерин алып салбаса, 9-апрелден баштап кытай товарларына кошумча дагы 50 пайыз бажы салыгын киргизээрин айтты.