
Кыргызстанда чет элдик номурдагы унааларды каттоо эрежелери өзгөрдү. Бул туурасында президенттик администрациядан билдирди.
Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев унааларды легалдаштыруунун убактылуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Мындан ары:
• Чек арадан өткөнү тууралуу маалымдама талап кылынбайт;
• СБКТС (коопсуздук тууралуу күбөлүк) жоюлду — эми техкароодон өтүп, коопсуздук боюнча корутунду алуу жетиштүү;
• Легалдаштыруу үчүн төлөм: 2000 куб сантиметрге чейин — 50 миң сом, 2001 куб сантиметрге жана андан жогору — 100 миң сом;
1-апрелден 1-октябрга чейин чет элдик номер менен жүргөн унааларды легалдаштыруу жүрүп жатат.
Бул:
- 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга кирген унаалар;
- Документтери жок, бажыдан өтпөгөн унааларга тиешелүү;
- Легалдаштырылган унааларга 10-региондун номери берилет. Бирок сатууга, өлкөдөн чыгарууга жана такси катары колдонууга тыюу салынат.
Белгилей кетсек, мыйзамдаштыруу президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.