Пайдалуу кендерди казууга лицензия берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, кум-шагыл карьерлеринин долбоорчусу Ж.М. жана Чүй-Бишкек обладминистрациясынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору Ш.А. кытайлык инвесторлорго 250 миң долларга кен казууга жерди мыйзамсыз сатып жиберишкен.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, Октябрь сотунун чечими менен абакка киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.