11-апрель Вашингтондо Александр Овечкин күнү деп жарыяланды

Шаар мэри Мюриэл Боузердин расмий билдирүүсүнө ылайык, 11-апрель Вашингтон шаарында "Вашингтон Кэпителз" клубунун чабуулчусу Александр Овечкиндин урматына майрам күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу шаар мэри социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен, Вашингтондун мэри 2025-жылдын 11-апрелин Вашингтондо "Алекс Овечкин күнү" деп жарыялайм жана бардык Вашингтондуктарды бул күндү белгилөөгө чакырам", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, 6-апрель күнү АКШнын "Вашингтон Кэпиталз" хоккей клубунун орусиялык чабуулчусу Александр Овечкин легендарлуу канадалык Уэйн Грецкинин рекордун жаңылаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан