Чыңгыз Айтматовдун 4 томдук дил баяндар жыйнагы чыгарылат

Москвадагы Мамлекеттик орус музейи Чыңгыз Айтматовдун дил баяндар жыйнагын жогорку деңгээлде баалады. Бул тууралуу 22-январда Орус-кыргыз иш кеңешмесинен маалымдашты.

Маалым болгондой, Мамлекеттик орус музейинин жетекчиси Владимир Гусеев Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн Орус тили боюнча кеңешинин мүчөсү Иван Поляковго жөнөткөн ыраазычылык катында мындай дейт: “Бул укмуштуу жазуучунун адабий мурасы көп улуттуу маданияттын тарыхында татыктуу орунда турганга арзыйт. Анын чыгармалары дайыма актуалдуу жана керектүү болуп кала берет. Чыңгыз Айтматовдун жаңы 4 томдугун чыгарууга катышканыңыз нукура адабият сүйүүчүлөрүнүн жана жаңы окурмандардын кызыгуусун арттырып, алардын санын көбөйтөт”.

Чыңгыз Айтматовдун дил баяндар жыйнагын басып чыгаруу – Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилиги, М.Рудомино атындагы Мамлекеттик бүткүл орусиялык чет эл адабиятынын китепканасынын долбоору. Долбоор улуу жазуучу, коомдук ишмер, дипломат Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата 2013-жылы кол коюлган 3 тараптуу меморандумдун алкагында ишке ашууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lenin
2015-01-23 12:49:30
Улуу киши эмес бекен.
Биздин сыймыгыбыз, биздин таалим алчуубуз!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан