Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Сайнабүбү Жунушалиева 7-мартта 80 жаш курагында дүйнө салды. Эмгек сиңирген артист театрдагы ишмердүүлүгүндө өз учурунда бир катар чыгармалардын негизинде башкы каармандын ролун ойногон. Мисалы, “Тар капчыгайда” Маржакенин, “Абийир кечирбейтте” Шайыргүлдүн, “Биринчи мугалимде” Алтынайдын образдарын жараткан.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-мартта саат 10:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.