Бишкекте мас айдоочу жол кырсыгы болгон жерден качып бара жатып жөө адамды сүзүп кетти (видео)

Бишкекте мас абалдагы айдоочу унааны сүзүп, андан качып бара жатып жөө адамды ыргыта сүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-апрель күнү болжол менен саат 08:45 чамасында, Субару-Форостер унаасы Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсү менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен Опель-Астра унаасын сүзгөн.

“Айдоочу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бара жатып, Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп кеткен. Андар ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон. Учурда жөө адам оор абалда ооруканага жеткирилди. Айдоочусун текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы В.Т. аттуу тургуну алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталды. Унаа айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

Бишкекте таң эрте жеңил унаа кызды сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан