"Ата Мекен" партиясы 20 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында "Ата Мекен" социалисттик партиясы 20 жылдык мааракесинн белгиледи. Мааракени "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ачып, партиянын 20 жылдан берки тарыхына кыскача токтолду. Андан кийийн "Ата Мекен" партиясынан сунушталган биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев, ЖКнын депутаттары Жоомарт Сапарбаев, Наталья Никитенколор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Эл өкүлдөрү мааракени ачып берген соң шаар тургундары үчүн кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда концерт коюлду. Кошумчалай кетсек, Тарых музейинде "Ата Мекен" партиясынын 20 жылдан берки тарыхы жөнүндө сүрөт көргөзмөсү коюлууда. 
"Ата Мекен" партиясы 20 жылдык мааракесин белгиледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан