Чилиде жайгашкан дүйнөнүн эң кургак чөлү Атакамага акыркы 10 жылда биринчи жолу кар жаады. Бул тууралуу кечээ, 26-июнда чет элдик басылмалар "ALMA" обсерваториясына таянып билдиришти.
Обсерваториянын X баракчасында жарыяланган кадрларда кар баскан кум дөңсөөлөрү көрсөтүлгөн.
"Укмуш. Дүйнөдөгү эң кургак Чилидеги Атакама чөлүн кар каптап турат",- деп айтылат маалыматта.