Суу бөлүштүрүүдө санариптик системди ишке киргизүүчү мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 13-февралдагы жыйынында суу бөлүштүрүүдө санарип түйүндөр системин ишке киргизүүчү ратификациялык мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстандын суу байлыгын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы долбоордун 1-фазасына 7 миллион 750 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүдө. Долбоор 4 бөлүктөн турат: улуттук суу байлыктарын башкаруу жана аны бекемдөө, суу пайдалануучулар үчүн сугат иштерин жөнгө салуу, сууну сарамжалдуу пайдалануу, жалпы мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан