"Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна бөлүнгөн 1 миллиард 155 миллион сомду уурдаган 9 адам соттолгонуна карабастан, азыр дагы ошол эле энергетика тармагындагы жооптуу кызматтарда иштеп жатышат". Муну энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 13-февралдагы жыйынында айтты. Эксперт бул адамдар дагы деле мамлекетке зыян келтирип жатканына токтолду. “Мен калп айткан жокмун, документтери менде турат. Булар жоопкерчиликке тартылбаса, энергетикалык кризис улана берет”,- деди Умбеталиев.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаевге алар кимдер жана мамлекетке кандай зыян келтирип жатканы боюнча кат түрүндө маалымат бермекчи болду.