Депутат Майрамкүл Тиленчиева эт саткан дүкөндөрдү катуу көзөмөлгө алууга чакырды

Бүгүн, 16-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында комитет мүчөсү, депутат Майрамкүл Тиленчиева республикада эт саткан дүкөндөрдүн көбөйүп кеткендигин билдирди.

"Мурда мындай павильондор аз эле болчу. Ал эми учурда көчөнүн ар бир бурчунан эт саткан дүкөндү байкаса болот. Тиешелүү кызматтар муну көбүрөөк көзөмөлгө алышы керек. Мисалы, эхинококкоз оорусуна кабылган адам бир операция менен кутулуп кетпейт экен. Эгер адамда бул илдеттин бир курту калып калса, дагы бир нече операция жасатууга туура келет",- деп түшүндүрдү депутат.

Айта кетсек, ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети эпизоотикалык абалды талкуулап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан