Бишкектин Свердлов районунун акими алмашты

Бишкек шаарынын Свердлов административдик районунун башчысы болуп Медер Амангелдиев дайындалды. Бул тууралуу борбор калаа бийлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мурдагы аким Капарбек Адиев кызматтан жазган арызынын негизинде бошотулган. Жаңы аким буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы кызматын аркалап келген.

Мэрия ал эми муниципалдык инспекциянын башчысынын милдеттерин аткаруу жетекчинин орун басары Касымбек Керимовго жүктөлгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан