Чүй облусунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-февраль күнү Москва районунда 36 жаштагы тургундун үйү текшерүүгө алынган. Анын негизинде эч кандай документи жок, мыйзамсыз сакталган газ тапанчасы табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.