Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 3 күндүк иш сапары менен Германияга учуп кетти. Өкмөттөн 17-февралда билдиришкендей, иш сапардын максаты - шайлоо процессин инновациялык технологияларды колдонуу менен өткөрүүнү талкуулоо жана тажрыйба алмашуу. Мындан тышкары Германия өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландалууда.