"Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18:00дөн кийин берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 2-мартка чейин юридикалык жактар, 31-мартка чейин жеке жактар 2014-жылы алынган кирешелери же жер тилкелери жана мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Демек, 2-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар бирдиктүү салык декларацияны берүүгө милдеттүү.
1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларацияны берүүгө милдеттүү",- деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.
Декларацияны өз убагында бербегендерге 2000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом суммасында административдик айып салынмакчы.