Абдырахман Маматалиев: "Диний экстремизмге каршы күрөшүүдө күчтү бириктирүү зарыл"

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 16-февралда Кыргызстандын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Талант Султановду кабыл алды. Жолугушууда стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору вице-премьер-министрге институттун жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымдап, диний экстремизмге каршы туруу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пландарын айтып берди.

Маматалиев институттун иликтөөлөрү жана сунуштары мамлекеттик органдардын ишинде пайдаланылып жатканын белгиледи.

“Стратегиялык иликтөөлөр институтунун иликтөөлөр жыйынтыгы аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комплекстүү жана максаттуу багытталган ишин түзүүгө көмөк көрсөтүүдө. Диний экстремизмге каршы күрөшүүдө күч-аракетти бириктирүү зарыл",- деди вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан