Кыргызстандагы кырдаалды иликтөө үчүн Евразиялык экономикалык комиссиядан 18 инспектор келди

Евразиялык экономикалык комиссиянын 18 инспектору жана Бажы союзундагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү (Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения) Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу 17-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти. Аталган инспекциянын инспекторлору кошулган жумушчу топтор текшерүү иштерин башташканы айтылды. Топтор төмөнкү багыттарды изилдешет:
Биринчи топ: Кыргызстандагы мекемелерди текшерет (Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө эт, сүт азыктарын экспортоо багытындагы ишканалар).     
Экинчи топ: Кыргызстандагы эпизоотикалык кырдаалга баа берүү боюнча иш жүргүзөт.
Үчүнчү топ: Кыргызстандагы азык-түлүктүн коопсуздугун иликтөө жаатында иштеген лабораториялар тутумунун ишине баа берүү боюнча иш жүргүзөт. 
Төртүнчү топ: Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдөп өткөрүү пункттарынын материалдык-техникалык абалын текшерет. 
Бешинчи топ: Кыргызстанда ветеринардык багытта колдонула турган дарыларды көзөмөлдөө системинин ишине баа берүү боюнча алектенет. Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Ветеринардык каражаттарды сертификациялоо борборунда, жаныбарлар үчүн дары чыгарган ишканаларда болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан