98 жаштагы америкалык Полин АКШда өткөн футбол оюнунда футболчу Лионель Мессиге үйлөнүү сунушун киргизген. Бул тууралуу NEWS.ru басылмасы жазды.
"Месси, мага үйлөнөсүңбү?" - деп жазылган ал кармап турган кагазда.
Басылма бул окуя "Интер Майами" менен бразилиялык "Палмейрас" клубунун беттешүүсүндө болгонун белгилейт. Ал беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Айта кетсек, Полинанын социалдык тармактарда дээрлик 9 миллион катталуучусу бар.