Депутат Каныбек Иманалиев жана депутат Карганбек Самаковдун мурунку жардамчысы "кылмыш иликтөө ишине катыштыгы бар" деп айыпталышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жана депутат Карганбек Самаковдун мурунку жардамчысы "кылмыш иликтөө ишине катыштыгы бар" деп айыпталышууда. "Абай Таштанбеков (Самаковдун мурунку жардамчысы) менин үстүмдөн Биринчи Май райондук сотуна арыз жазып, депутат Каныбек Иманалиевдин жардамы менен мага мыйзамсыз түрдө кылмыш иши козголду",- деп билдирди 17-февралда маалымат жыйынында А.Таштанбековдун аялынын тууганы Роза Усубалиева. Усубалиева 2013-жылы эч кандай документсиз түрдө Таштанбековдон 420 миң доллар алганын айтат. "Мен алган ачамды толугу менен төлөп бергем, бирок ал муну четке кагууда. Ал Бишкектин Биринчи Май РИИБинин башчысына арыз жазган. Москвада мени кармашып, СИЗОдо 6 ай отурдум. Андан кийин мени Кыргызстанга которушту",- дейт Усубалиева.  
"Бирок сотто кылмыш иши сынып каларын түшүнүп, депутат Каныбек Иманалиевдин жардамы менен Таштанбеков мага карата ачылган кылмыш ишин токтоттурган. Мен эч кандай медициналык маалым кат бербегениме карабай иш "ден соолугуна байланыштуу" деген жүйө менен токтотулган",- деп кошумчалады Усубалиева.  
Аталган айым депутат Иманалиевди бул ишке аралаштырбоону талап кылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан