Каныбек Иманалиев: "Кылмыш ишин иликтөөгө катыштыгы бар" деп мени айыптаган айым бир депутаттын буйругун аткарып жатат"

Бишкекте бүгүн Роза Усубалиева аттуу айым өзүнө кылмыш ишин козготтурууга катыштыгы бар деп депутат Каныбек Иманалиевди айыптап чыкты. Бирок депутат мындай айыптоону четке кагат. "Кылмыш иликтөө ишине катыштыгы бар" деп мени айыптаган айым бир депутаттын буйругун аткарып жатат",- деп билдирди SUPER.KG порталына Иманалиев. "Биринчиден, бул аялды мен тааныбайм, көргөн да, уккан да эмесмин. Экинчиден, менин күнөөлүү экенимди сотто далилдеп берсин. Үчүнчүдөн, бул айым жер маселеси менен алектенген бир күркүл депутат бар, ошонун буйругун гана аткарууда",- деп билдирди депутат. Окуя кененирээк бул жакта.
Иманалиев "буйрук берди" делген депутаттын аты-жөнүн айтуудан баш тартты.
Эскерте кетсек, парламентте өткөн айда Каныбек Иманалиев менен депутат Карганбек Самаковдун ортосунда түшүнбөстүк чыгып, экөө мушташып кеткени маалымдалган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан