Абай Таштанбеков, депутаттын мурунку жардамчысы: "Карганбек Самаков мага каршы Роза Усубалиева аттуу айымды пайдаланууда"

Бишкекте бүгүн, 17-февралда Роза Усубалиева аттуу айым өзүнө кылмыш ишин козготтурууга катыштыгы бар деп депутат Каныбек Иманалиевди, ага кошуп депутат Карганбек Самаковдун мурунку жардамчысы Абай Таштанбековду айыптап чыкты. Аталган айым "Таштанбековдон 2013-жылы 420 миң доллар алып, кайра кайтарып бергем. Бирок ал "акчаны берген жок" деп мага кылмыш ишин ачтырды" деп билдирүүдө. Бул тууралуу Абай Таштанбеков SUPER.KG порталына пикир билдирип, мунун артында депутат Самаков турарын айтты. 
"Бул иштин чоо-жайы мындай. Карганбек Самаков чоң саясатка келгенде көп акча табууну максат кылган, мага "ломбард системин изилдеп чык" деп тапшырма берген. Натыйжада ломбард жайларын иштетип жүрдүк, андан түшкөн пайдадан Самаков үлүш алып турчу. Ал тургай ЮНЕСКОго кеткен каражаттар да ошол кирешенин эсебинен жумшалчу. Ошол убакта Роза Усубалиева деген аял "акчаңарды иштетип, көбөйтүп берем" деп бизден 420 миң доллар алган, мындан Самаков деле кабардар болгон. Бирок бул аял акчаны төлөп бүтө электе Москвага качып кеткен. 
Бул аялдын үстүнөн алдамчылык боюнча мен эле эмес, 4 адам арыз жазган. Анын ичинде өзүнүн классташы жана Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү дагы бар экен. Өзүнүн айрым көрсөтмөлөрүндө "акчаны 2012-жылы алгам" деп билдирип, бүгүн "2013-жылы алгам" деп жатат. Кыскасы, бул кызды Карганбек Самаков мага каршы колдонуп жатат, анткени мен Самаковдун шайлоо алдында берген убадалары аткарылбай калганын ачыктап чыккандан кийин ал мага өчөшүп калган",- дейт Таштанбеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан