Монголия президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Бүгүн, 23-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Монгол лидерин өлкө башчы Садыр Жапаров өзү узатты.

Айта кетсек, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Жапаров менен Хурэлсухдун "Ынтымак ордодогу" жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду.

Кечээ, 22-июлда өлкө башчылар Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалынын финалдык бөлүгүнө күбө болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан