Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңеш юстиция министри кызматына
Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин жактырды. Анын талапкерлигине 95 депутат "макул" деп добуш берди.
Спикер Асылбек Жээнбеков жаңы шайланган министрди куттуктап, анын мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Ж.Мамбеталиева депутаттардын ишеничин актоого бардык күчүн жумшай турганын билдирди.
Жылдыз МамбеталиеваТуулган жылы - 1971-жыл, 26-январь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.
Акыркы мезгилде иштеген кызматтары:
2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында укуктук камсыз кылуу жана кадрлар кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп иштеп келген.