Депутаттар мамлекеттик сатып алууларда тендерди электрондук формада өткөрүү системин иштетүүчү мыйзам кабыл алышты

Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. 

Мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өркүндөтүү, ачык-айкындыкты, эффективдүүлүктү жогорулатуу жана мамлекеттик сатып алуулар системиндеги коррупцияны азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары мыйзам адамдык фактордун кийлигишүүсү толугу менен жок кылынган тендерлерди өткөрүүнүн электрондук системин киргизүү менен ачык мамлекеттик сатып алуулар системин курууга багытталган.

Мыйзам долбоору өкмөттүн 2015-жылдын 3-февралындагы токтому менен жактырылган. Кабыл алынган мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан