2014-жылы Баалуу металлдар департаменти 526 килограммдык буюмдарга проба жасап, белги салган

Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин талдоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча лабораториясынан 2014-жылы жалпысынан 526 килограмм 999 граммдык баалуу металлдардан жасалган буюмдарга проба жасалган. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда аталган министрликтен билдиришти. Тактап айтканда, былтыр 188 818 даана баалуу металлдардан жасалган буюмдарга проба жасалып, белги салынган. "Ошондой эле жалпы салмагы 331 килограмм 794 граммды түзгөн 51 189 даана баалуу металлдардан жасалган буюмдар экспертизадан өткөрүлгөн",- деп билдирди министрлик. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан