Оштогу курулуп жаткан көпүрөнү мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берүү демилгеленүүдө

"Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 2-этабы кызуу жүрүүдө. Эстакадалык көпүрөнү пайдаланууга пландалган убактысынан мурда беришибиз мүмкүн". Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов билдирди.

“Жалпысынан эстакадалык көпүрөнүн алдына 16 тирегич орнотулат. Азыркы учурда көпүрөнүн 9-тирегичин орнотуу иштери аяктап калды. Мындайча айтканда, курулуш иштеринин жарымынан көбү аткарылып бүттү. Курулуш иштерине 70тен ашуун жумушчу тартылган. Оор техникалардын 10дон ашуун түрү иштөөдө. 3 жүк көтөргүч унаа, 15тен ашуун КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар, жетиштүү сандагы экскаватор жана тиешелүү техникалардын баары колдонулууда. Иштин баары атайын бекитилген план боюнча жүрүп жатат”,- дейт Ж.Ормонов.

Анын айтымына караганда, курулуш иштери былтыр ноябрь айында башталган. Ал эми анын курулушун толук бүтүрүү ушул жылдын сентябрь айына чейин пландалууда.

“Биздин негизги максат - көпүрөнү сапаттуу куруу, келечекте анын 100 жылга кызмат кылуусу. Учурда курулуш иштери тиешелүү 3 мекеме тарабынан катуу көзөмөлдөнүүдө. Алардын бири Мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө кызматы, алар курулушка керектелүүчү каражаттарды толугу менен текшерүүдөн өткөргөн соң гана пайдаланууга берип жатышат. Учурда негизги көйгөй көпүрө салынып жаткан жердеги айрым жер тилкелери мыйзамсыз сатылып кеткени болууда. Ал жер тилкелеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Буюрса, ал маселелер да толугу менен чечилмекчи",- деп кошумчалайт Ж.Ормонов.    

Маалыматка ылайык, учурда көпүрөнүн 3-этабынын курулушу боюнча долбоор даярдалууда. Анын жүрүшүндө ички жолдорду куруу иштери башталмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bakyt_2015
2015-02-18 21:20:51
Салынып аткан сон бутот да,бутпочу нерсе барбы. Ак тилек каалап ак жолтой копуро болсун дегиле. Турмуштун койгойунон аша кечкен чалдай наалыйсынар го жарыктыктар. Кудай дегиле.
+5
kilim
2015-02-18 21:32:28
кыргыздар сабыр кылалы бутуп калатго жакында андан коро ошолорду колдойлу ошолорго Аллах ынсап берсин ОМИН!
+3
alas
2015-02-18 22:17:42
Копорону 2 метрге кичинертип жибердинер дагы деле буто элекби мелис мырзакматов болгондо давно бутурмок эле иштеген адамды айдадынар
+11
EdikoKG
2015-02-18 22:24:19
"Кыбыраган кыр ашат " дейт.
0
Emilyen86
2015-02-18 22:28:20
ushul ishti koreetsterge bergeninerde 3-aida "pod klyuch" tapshyrmak!
+7
beast
2015-02-18 22:33:25
Ичим чыкпады ушул копурого
+2
argen.kg4
2015-02-18 22:42:04
Эми бутуп калсын эл учун кыйын болду.Корсон страшный корунот экен.Сапаттуу талапка жооп бере турган копуро болсун эми.
+1
edu.kg
2015-02-18 23:01:16
Эмнеси болсо да бутуп эл кызматына берилсе экен. Мырзакматов агабыз ушул копуросун аягына чейин чыгарганда андан жакшы болмок эле.
+2
nurik2103
2015-02-18 23:40:53
Моонотунон ерте емес оз моонотуно бутурсонор деле чон иш
+1
Dinki
2015-02-19 01:07:34
Уят эле 2 жылдан бери бутпогон кандай копуро болду экен?Жер бетиндеги эн узун копуро курулуп жатабы же?Ош менен Бишкекти бириктирген!!!!
+6
Kati
2015-02-19 05:58:01
Ошум,онугуп осо бер ылайым!!!Мой любимый город,много приятных воспоминаний:))) ...
0
Esmerallda
2015-02-19 12:30:32
Кундо ушул копуронун алдынан отуп,ишке барам олсо бутпойт бул копуросу сентябрда.Кыйраттынар бутуробуз майда деп,эми сентябрь.Ал жерде иштеген ишчилери болсо откон кеткенге ышкырып тийишип тим эле адам корбогонсуп.
+2
myshka406
2015-02-19 14:40:15
2 метир кыскартынар уже ал куруучулар тарабынан канча кыскартылып жер жатканы м.н эч кимдин иши жок. Кыскасын айтканда заманбап болбой калды бул копуро.
+1
gusijashoo
2015-02-19 19:46:42
Eger Myrzakmatov bolbogondo bul kopuro bolmok emes. Janagy eskisi ele turmak. Aiagyna chygarvasa da Myrzakmatov bashtap bergen. Super info kopuronun toluk butkondogu surotun da koigulachy. Kandai kopuro boloorun bilip koelu.
0
milashka9313
2015-02-19 20:03:37
Копурону шылтоолоп жешинче жешип жатат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан