Билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анын кызматтан кетүүгө арыз жазганы буга чейин маалымдалган. Эскерте кетсек, Б.Турсункулова министрдин орун басары катары 2014-жылдын 28-октябрынан бери иштеп келген.