Бүгүн, 19-февралда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Ош жана Баткен облустарына бир күндүк иш сапары менен кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Сапар алкагында вице-премьер укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешинин жыйынына катышат. Анда диний экстремизм жана терроризм көйгөйү талкууга алынат. Маматалиев Баткендеги "Айкөл" чек ара тозотунда каза болгон чек арачынын жакындары менен жолугушмакчы жана Ош аэропортунун ишмердүүлүгү менен таанышат.