Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 18-февралда Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕАЭК) жана Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ветеринария жаатындагы өкүлдөрү менен ветеринариядагы стандарттарды шайкештөө маселесин талкуулады.
Жолугушууда премьер-министр Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө, органдарына жана эксперттерине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөлөрүнө Кыргызстандын ЕАЭБга кошулуу процессинин жыйынтыкталышына байланыштуу тыкыр иши үчүн ыраазычылык билдирди. "Биз мамлекетибиз үчүн маанилүү кадамды жасап жатабыз. ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташуусунда тектоникалык кыймылдар жүрөт",- деп билдирди Оторбаев.
Өкмөт башчы Кыргызстандын айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо маселесине токтолду. “Биз тараптан 3-5 жылдан бери өндүрүүчүлөрүбүздүн продукциясын Бажы биримдиги, Бирдиктүү экономикалык аймакка кирген өлкөлөргө экспорттоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Биздин ишкерлер аларга карай талаптар менен таанышкан, бирок азырынча биздин продукция стандарттарга жооп берет деп айтуу кыйын. Инфраструктураны тийиштүү жабдуулар менен жабдуу максатында Орусия жана Казакстандан каржылык көмөк алуудабыз",- деди премьер.