Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү болсо, анын 383ү дотацияда отурат. 53 айыл өкмөт башчысы түрдүү себептен улам жөө жүрсө, 80 айыл өкмөтүнүн таптакыр автоунаасы жок. Муну депутат Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында билдирди. Депутат мындай шартта жергиликтүү бийлик өз милдеттерин мыкты аткарышы күмөн экенин айтат.
"Дотацияда отурган айыл аймактарынын кайра кайтарууга мүмкүн болбой турган айласыз салыктык карыздары өсүп жатат. Алардын Кайра бөлүштүрүү фондундагы жеринен башка байлыгы жок. Кайрак жерди эч ким деле ижарага албайт. Аларды жоюп кутулбасак, төлөтүп кутулта албайбыз. Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам берүү чараларын иштеп чыгып, парламенттин кароосуна киргизиши керек",- дейт Дыйканбаев.