Трамп Илон Маскка жамандык каалабай турганын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп ал тууралуу миллиардер Илон Маск ишке ашырып жаткан долбоорлорго тоскоолдук кылууда делген маалыматтарды четке какты.

"Баары мени Илондун компанияларын жок кылып жатат деп айтыпташууда. Ал Маск АКШ өкмөтүнөн алган ири субсидиялардын бардыгын болбосо да, кээ бирлерин кыскартып жатат дешүүдө. Бул туура эмес! Мен анын жана биздин өлкөнүн бардык ишкерлерин мурда болуп көрбөгөндөй өсүшүн каалайм!" - деп жазды ал Truth социалдык тармактагы баракчасында.

Белгилей кетсек, Трамп менен Масктын ортосундагы конфликт июнь айында тутанган. Алгач Маск Трамптын администрациясынын бюджет боюнча сунуштаган долбоорун сынга алган. Ишкердин айтымында, бул АКШнын мамлекеттик карызынын мындан ары тез өсүшүнө алып келет.

Кийинчерээк америкалык президент Маск менен достук мамилеси аяктаганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан