Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева айрым микронасыялык компаниялар элге насыя берүү менен байып, банкка айланып жатышса, ал эми жарандар алган насыяларын төлөй албай, кыйынчылыкка туш болуп жатышканын айтып чыкты. Депутат бул боюнча Улуттук банкты айыптады. “Мындай жагдайды карап, талдоого албаган Улуттук банктын саясатын кайдыгерлик дешибиз керек",- дейт депутат.
Алтыбаева курулганына 80 жыл болгон Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин имараты оңдоого муктаж экенин кошумчалады.