Дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүүнү тездетүү сунушу өкмөткө айтылды

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү маселеси Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, өкмөттүн жазгы айдап-себүү боюнча даярдыктары парламенттин тармактык комитетинде каралган. "Анда айтылган маалыматтар декларативдүү мүнөзгө ээ, мындан улам дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен эртелеп камсыздап берүү зарыл",- деди депутат.

Депутат Абдимиталип Кочкорбаев насыя, үрөн боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомдору кармалып жатканын, ветеринария тармагына суралган каражаттын 16 пайызы гана берилгенин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан