Өлкө аймагында жаздын биринчи айы жылуу болот

Кыргызстанда жаздын биринчи айы жылуу болот. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ӨКМдан билдиришти.

Алсак, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 2...4° жогору болуп, 5…7° жылуу болмокчу. Ай ичинде абанын түнкү температурасы 1...6° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, кээ бир күндөрдө 0…2° үшүк жүрүшү мүмкүн, абанын күндүзгү температурасы 9...14° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин өзгөрүлүшү күтүлөт. Ушундай эле аба ырайы Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында сакталат. Ал эми Нарын облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 1…3° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын түнкү температурасы 10...15° сууктан 1…6° суукка чейин, күндүзгү температурасы 0...5° сууктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан