Кыргызстанда бензиндин баалары 2014-жылдын январь айындагы же 1 жыл мурунку көрсөткүчкө түштү. 19-февралга карата Бишкек шаарындагы унаага май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 40 сом, АИ-92 37 сом 30 тыйын, АИ-80 31 сом, дизель майы 32 сом 50 тыйын болууда. Айрым май куюучу жайларда баалар өзгөрүүсүз: АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42 сом, АИ-92 39 сом 40 тыйын, АИ-80 32 сом, дизель майы 34 сом 50 тыйындан сатылууда.
Мындан бир нече күн мурун (12-февралда) баалар төмөнкүдөй эле:
АИ-95 - 41 сом;
АИ-92 - 38 сом 30 тыйын;
АИ-80 - 31 сом;
дизель майы - 32 сом.
Айрым май куюучу жайларда:
АИ-95 - 45 сом;
АИ-92 - 41 сом 40 тыйын;
АИ-80 - 33 сом;
дизель майы - 34 сом 50 тыйын.
Ал эми 2014-жылы баалардын өзгөрүшү төмөнкүдөй болгон:
Январь - 37 сом 80 тыйын;
Апрель - 38 сом 80 тыйын;
Июль - 39 сом 50 тыйын;
Октябрь - 47 сом 80 тыйын;
Декабрь айынын башында - 49 сом 90 тыйын;
Декабрь айынын ортосунда - 47 сом 90 тыйын.