КРнын Орусиядагы элчилиги чет өлкөлүк студенттерге сүрөт өнөрү боюнча бекер мастер-класс өтөт

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги чет өлкөлүк студенттерге визуалдык ыкмада сүрөт аркылуу маалымат берүү, интернетке сүрөт жайгаштыруу сыяктуу сүрөткө байланышкан ыкмалар боюнча акысыз мастер-класстарды өтөт. Мастер-класстын соңунда өзүн мыкты көрсөтө алган студенттерге “Чоң шаар баарыбыз үчүн” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө катышууга укук берилет. Аталган көргөзмө Эл аралык мигранттар күнүнө карата ушул жылдын 18-декабрында өтөт. Мастер-класс 10-17-24-ноябрда Москва шаарындагы КРнын элчилигинин имаратында болмокчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан