Жогорку Кеңеште 19-февралда “КРнын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Социалдык фонддун билдиришинче, 2015-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндө 40 миллиард 449 миллион сом, 2016-жылы 42 миллиард 324 миллион сом, ал эми 2017-жылы 45 миллиард 641 миллион сом өлчөмүндө каражат каралууда. 2015-жылы 128,8 миллион сом өлчөмүндө каржы калдыгы (профицит) болору, бул сумма 2016-жылдын бюджетине кошулары күтүлүүдө.
Мындан тышкары 2015-жылдын жаз мезгилинде пенсия өлчөмү жогорулап, орточо пенсия көлөмү 4728 сомду түзөрү белгилүү болду. Буга бюджет долбоорунда 450 миллион сом каралды.
Маалыматка таянсак, Кыргызстанда 2014-жылы 575 миң пенсионер болсо, быйыл алардын саны 608 миңге жетет, мунун 102 миңи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар.