Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште “Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүлөрүн ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрдүн, каржылык санкциялардын жана туумдардын карызын эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Депутат Эркин Сакебаевдин айтымында, сунуш кылынган долбоорго ылайык, муфтияттын 2014-жылдын 1-январына чейинки социалдык төгүмдөрдүн туумдары менен каржы санкцияларын кечүү демилгеси көтөрүлүүдө. Жалпы карыз өлчөмү 26 миллион сом, анын ичинде 12 миллион сом негизги карыздар, калган карыз туумдар менен санкциялар болуп саналат. "Ажылык зыяратка катышкан адамдар социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туумдарынан бир жолу гана бошотулмакчы",- деди депутат.