Бишкектеги түнкү клубдардын биринен баңгизат менен 2 жаран кармалды

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринен баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, борбордо жүргүзүлгөн рейддин алкагында түнкү сайрандоочу жайлардын биринен Бишкектин 34 жаштагы жана Чүйдүн 31 жаштагы тургундары кармалышты. Аларды тинтүүдө чөнтөктөрүнөн бир нече кутучада даярдалган баңгизат табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында табылган баңгизат героин экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан